Орусия Украинаны “олуттуу кадамга” чакырды
Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Украина Донбасстын өзү көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн аскерлерин чыгармайынча үч тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрү “ылайыксыз” деп билдирди «Баардыгы, анын ичинде мен айтаар элем, украиналык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары түшүнөт, азыр Киев бир гана олуттуу кадам жасашы

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Украина Донбасстын өзү көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн аскерлерин чыгармайынча үч тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрү “ылайыксыз” деп билдирди «Баардыгы, анын ичинде мен айтаар элем, украиналык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары түшүнөт, азыр Киев бир гана олуттуу кадам жасашы керек, андан кийин, биринчиден, согуштук аракеттер токтойт, экинчиден, мындан аркы узак мөөнөттүү жөнгө салуунун келечегин олуттуу талкуулоо үчүн перспективалар ачылат», - деди Ушаков Путиндин жардамчысы "бул кадам азыр Киевден, атап айтканда, Зеленскийден (Украинанын президенти Владимир Зеленский) күтүлүп жатканын" кошумчалады жана калганын "убакытты текке кетирүү" деп атады

