Риддер шаарындагы ЖЭБди оңдоо иштери улантылат
Өлкөнүн чыгышындагы Риддер шаарындагы ТЭЦти оңдоо иштери быйыл да улантылат. Акыркы үч жылда стратегиялык объектти оңдоого мамлекеттен 5 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Натыйжада ТЭЦтеги жабдуулардын эскирүү көрсөткүчү 75тен 45 пайызга чейин төмөндөгөн. Былтыртан бери алты откананын үчөө то

Өлкөнүн чыгышындагы Риддер шаарындагы ТЭЦти оңдоо иштери быйыл да улантылат. Акыркы үч жылда стратегиялык объектти оңдоого мамлекеттен 5 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Натыйжада ТЭЦтеги жабдуулардын эскирүү көрсөткүчү 75тен 45 пайызга чейин төмөндөгөн. Былтыртан бери алты откананын үчөө толук оңдолуп, ишке киргизилген. Азыр калган үч казандын тетиктери оңдолуп жатат. No 1, 2 турбогенераторлор да ишке киргизилди. Быйыл республикалык жана облустук бюджеттен дагы 2 миллиард теңге бөлүнгөн. Бул акчага No5 жана No6 жогорку басымдагы от казандын жабдыктары оңдолот.Мындан тышкары жылуулук түтүктөрүн жаңылоо иштери да башталды. Учурда 12 багыт боюнча иштер жүрүп жатат


