Reuters: Трамптын үй-бүлөсү криптовалюта долбоорлорунан 2,3 миллиард доллар тапкан
АКШнын президенти Дональд Трамптын үй-бүлөсү экинчи президенттик мөөнөтү башталгандан бери криптовалюталык долбоорлордон кеминде 2,3 миллиард доллар киреше тапты Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги билдирди Агенттик Трамптын үй-бүлөсү төрт ири криптовалюта долбоорунан канча алганын, бул долбоорлорго

АКШнын президенти Дональд Трамптын үй-бүлөсү экинчи президенттик мөөнөтү башталгандан бери криптовалюталык долбоорлордон кеминде 2,3 миллиард доллар киреше тапты Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги билдирди Агенттик Трамптын үй-бүлөсү төрт ири криптовалюта долбоорунан канча алганын, бул долбоорлорго канча инвестиция салганын жана чет элдик инвесторлор үчүн кандай кесепеттерге алып келгенин талдоого алган Маалыматтарга караганда, апрелдин аягына чейин Трамптын үй-бүлөсү дээрлик эч кандай коркунучу жок криптовалюталык долбоорлордон 2,3 миллиард доллар тапкан. Ошол эле мезгилде башка инвесторлор 2,3 миллиард долларга жакын жоготууга учурашкан Маалыматка ылайык, Трамптын үй-бүлөсүнө киреше алып келген компаниялардын арасында "World Liberty Financial", "AI Financial Corp" жана "American Bitcoin" бар Атап айтканда, "World Liberty Financial" токендерди сатуудан болжол менен 1,4 миллиард доллар алды Долбоорлорду ишке ашырууга Дональд Трамптын уулдары Эрик Трамп менен Кенже Дональд Трамп катышып жатканын агенттик белгилейт. да катышат


