Reuters: Ирандагы согуштун айынан АКШ эң ири мунай экспорттоочу болуп калды
Саудиялык мунай экспорттолгон Ормуз кысыгынын жабылышы жана орус мунайына каршы киргизилген санкциялардан улам АКШ үчүнчү айдан бери мунай продуктуларын экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Vortexa кемеге байкоо жүргүзүү кызматынын маалыматтарына таянуу мене

Саудиялык мунай экспорттолгон Ормуз кысыгынын жабылышы жана орус мунайына каршы киргизилген санкциялардан улам АКШ үчүнчү айдан бери мунай продуктуларын экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Vortexa кемеге байкоо жүргүзүү кызматынын маалыматтарына таянуу менен билдирди Маалыматка ылайык, май айында жогорку өндүрүш көлөмү жана өлкөнүн стратегиялык мунай запастарынын бошотулушуна байланыштуу АКШнын мунай жана күйүүчү май экспорту күнүнө болжол менен 10,5 миллион баррелге чейин өстү. Ошол эле айда Орусиянын экспорту суткасына жети миллион баррелди, Сауд Аравиясы алты миллионго жакын баррелди түздү Vortexанын маалыматы боюнча, 2025-жылы мунай экспорту боюнча лидер Сауд Арабия болгон (суткасына сегиз миллион баррель). Кошмо Штаттар күнүнө алты жарым миллион баррелден ашык, ал эми Орусия алты миллион баррелден азыраак сатты "Эң ири мунай экспорттоочу позициясын ээлөө менен Вашингтон өзүнүн дүйнөлүк аскерий артыкчылыгынан жана каржы базарларындагы үстөмдүгүнөн тышкары, союздаштары жана атаандаштары менен сүйлөшүүлөрдө күчтүү жаңы рычагга ээ болот" деп жазат Reuters Мисалы, Америка Кошмо Штаттары Европага чийки мунайдын негизги импорттоочусу жана регионго күйүүчү май дистилляттарынын экинчи берүүчүсү болуп калды. Кошумчалай кетсек, Азия өлкөлөрү азыр Жакынкы Чыгыштын мунай продуктуларын жеткирүүдөгү кыйынчылыктардан улам америкалык мунайга көз карандылыкты күчөтүүдө 11-июнда Американын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттары Харг аралын жана Ирандын башка мунай инфраструктурасын басып алып, "Венесуэла менен болгон сыяктуу алардын мунай жана газ рыногун толук көзөмөлдөй турганын" жарыялады Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


