"Reuters": АКШ Ирандын активдерин Перс булуңундагы өнөктөштөрүнө өткөрүп берүүнү карап жатат
АКШ администрациясы Ирандын Перс булуңундагы өнөктөштөрүнө Тегеран тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толтуруу үчүн Ирандын активдерине кирүү мүмкүнчүлүгүн ачууну пландаштырууда Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты Маалыматка ылайык, АКШ Ирандын а

АКШ администрациясы Ирандын Перс булуңундагы өнөктөштөрүнө Тегеран тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толтуруу үчүн Ирандын активдерине кирүү мүмкүнчүлүгүн ачууну пландаштырууда Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты Маалыматка ылайык, АКШ Ирандын активдерин Перс булуңундагы өнөктөштөрүн колдоо, реконструкция иштерин жүргүзүү жана келечекте Иран келтире турган зыяндын кесепеттерин жоюу үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет Материалда америкалык тарап буга чейин келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Ирандын активдерин пайдалануу вариантын да изилдеп жатканы айтылат. АКШнын Каржы министрлигинин башчысы Скотт Бессент эксперттерге Ирандын аталган өлкөлөргө келтирген зыянынын көлөмүн эсептөөнү тапшырды Ирандын конкреттүү кайсы активдери көздөлүп жатканы айтылган эмес Эске сала кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштап, бир катар шаарларга абадан сокку урулган. Ошол эле күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи соккулардын натыйжасында өлтүрүлгөн. Буга жооп кылып Иран Израилдин аймагына жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскерий базаларына чабуул жасады Иран, АКШ жана алардын союздаштары 8-апрелге караган түнү ок атышпоо келишимине жетишти.Трамп кийин ок атышпоо келишимин белгисиз мөөнөткө узартты Тараптар Пакистанда жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок 11-12-апрелде өткөн биринчи айлампада эч кандай жыйынтык чыккан эмес АКШ Тегеранга кысым көрсөтүү үчүн Ирандын портторун жана Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жолдорду блокадага алды. Иран өз кезегинде Перс булуңуна бара турган кемелер үчүн Ормуз кысыгын жаап салганын жарыялады. Аймактагы динамикалуу өзгөрүп жаткан кырдаал глобалдык энергетикалык кризисти жаратты Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


