«Ак-Кемени» реконструкциялоо. Мейманкана азыр кандай көрүнөт (видео)
Ч. Айтматов пр., бүтүрүү стадиясында. Бирок мейманкана конокторду кабыл алууга даяр Учурда мейманкананын негизги имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктап, кошумча үч имарат бүткөрүлүп, фасаддык оңдоо жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат “Ак-Кеме” ишканасынын кызматкерлеринин биринин айтымында, башкы

Ч. Айтматов пр., бүтүрүү стадиясында. Бирок мейманкана конокторду кабыл алууга даяр Учурда мейманкананын негизги имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктап, кошумча үч имарат бүткөрүлүп, фасаддык оңдоо жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат “Ак-Кеме” ишканасынын кызматкерлеринин биринин айтымында, башкы имаратта оңдоо иштери аяктагандыктан мейманкана конокторду кабыл алууга даяр, бирок расмий ачылышы июль айында өлкө жетекчилигинин катышуусунда болот Эске сала кетсек, “Ак-Кеме” мейманканасы узак убакыт бою Бишкектеги эң атактуу, бирок ошол эле учурда кароосуз калган мейманканалардын бири болуп келген. Объект 2024-жылы президенттик администрацияга берилгенден кийин аны масштабдуу реконструкциялоо чечими кабыл алынган Бир жылдан кийин президенттик аппарат "Ак-Кеме" мейманканасын "Саякат курулуш" ишканасына 15 жылга ижарага бергенин билдирген. Өз кезегинде «Саякат курулуш» оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыларды – «Бай Таш Групп» жана башка кытайлык компанияларды жалдаган. Алдын ала инвестор 20 миллион долларга жакын инвестиция салган Мейманкананы реконструкциялоо 2023-жылдан 2026-жылга чейин жүргүзүлөөрү мурда белгилүү болгон. Анын үстүнө ал беш жылдыздуу болот. Инвестициялардын кайтарымы 12 жыл болот


