Пакистандын аскердик тик учагы кыйрады: экипаж курман болду - жаңылыктар жаңыланды
Пакистандын Кашмир аймагындагы Музаффарабадга жакын жерде пакистандык аскер Ми-17 тик учагы кулап түшкөн. Экипаждын баары набыт болду, деп билдирет Рейтер агенттиги өлкөнүн армиясынын билдирүүсүнө таянып Курман болгондордун так саны азырынча белгисиз. Пакистан маалымат каражаттары учакта 21 адам б

Пакистандын Кашмир аймагындагы Музаффарабадга жакын жерде пакистандык аскер Ми-17 тик учагы кулап түшкөн. Экипаждын баары набыт болду, деп билдирет Рейтер агенттиги өлкөнүн армиясынын билдирүүсүнө таянып Курман болгондордун так саны азырынча белгисиз. Пакистан маалымат каражаттары учакта 21 адам болгонун жазышууда. Inter-Services Public Relations (ISPR) маалыматы боюнча, кырсык техникалык мүчүлүштүктөн улам болгон. Тик учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй тоого кулап түшкөнү такталды Кырсык болгон жерге куткаруу жана издөө топтору келишти. Өзгөчө кырдаалдын так себептерин аныктоо үчүн тергөө комиссиясы түзүлдү


