Арагчи Хаменеи өлтүрүлгөндө анын кеңсесинде болгонун айтып, чоо-жайын түшүндүрдү
Ирандын мурдагы жогорку руханий лидери аятолла Сейед Али Хаменеинин кеңсеси бомбаланганда тышкы иштер министри Аббас Арагчи да ошол жерде болгон Бул тууралуу Аракчи "Al Mayadeen" телеканалына берген маегинде билдирди Анын айтымында, ал ошол күнү Жогорку лидерге Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдүн отче

Ирандын мурдагы жогорку руханий лидери аятолла Сейед Али Хаменеинин кеңсеси бомбаланганда тышкы иштер министри Аббас Арагчи да ошол жерде болгон Бул тууралуу Аракчи "Al Mayadeen" телеканалына берген маегинде билдирди Анын айтымында, ал ошол күнү Жогорку лидерге Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдүн отчетун берүү үчүн эртең мененки саат 9да ошол жерде болгон "Урандылардын астынан чыкканда мен ага (Хаменейге) кол салуу болдубу же жокпу деп ойлогом. Жетекчинин шейит болгону тууралуу кабар тараганга чейин - согуштун алгачкы эки күнүндө ага эмне болгону мени абдан тынчсыздандырды", - деди Аракчи Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы “Хаменейинин өлүмү Ирандын тарыхындагы бурулуш учур экенин жана бул учур Ирандын күчүн бүткүл дүйнөгө көрсөтүп жатканын” баса белгиледи Ал жаңы жогорку лидер Аятолла Сейед Можтаба Хаменеинин шайланышына көңүлдөрдү буруп, “Иран Ислам Республикасындагы система жеке адамдарга көз каранды болбой тургандай күчтүү экенин” белгиледи Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израилдин Тегеранга биргелешкен кол салуусунда Сейед Али Хаменеи жакын үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо өлтүрүлгөн, кийин анын ордуна уулу Мужтаба Хаменеи шайланган


