Ташкентте темир жолчу каналга агып кеткен кызды куткарып калды
Ташкенттеги темир жол ишканасынын кызматкери Сергели районундагы каналга агып бара жаткан кызды куткарып калганын Өзбекстан темир жолдору билдирди Окуя 9-июнда болгон.Ташкент аймактык темир жол түйүнүнүн филиалына караштуу Ташкент темир жол дистанциялык ишканасынын 20-механикалаштырылган бригадасы

Ташкенттеги темир жол ишканасынын кызматкери Сергели районундагы каналга агып бара жаткан кызды куткарып калганын Өзбекстан темир жолдору билдирди Окуя 9-июнда болгон.Ташкент аймактык темир жол түйүнүнүн филиалына караштуу Ташкент темир жол дистанциялык ишканасынын 20-механикалаштырылган бригадасынын темир жолчу Азам Иброхимов Сергели районундагы Карасув каналынын жанында иштеп жаткан. Ошол маалда эки кызды агым алып кетип, жардамга чакырып жатканын көргөн. Темир жолчу дароо каналга кирип, катуу агымдын кесепетинен кооптуу абалда калган кыздардын бирин куткарып калган Азам Иброхимовго «Өзбекстан темир жолу» ишканасынын жетекчилиги тарабынан ыраазычылык кат, эстелик белек жана акчалай сыйлык тапшырылды Буга чейин Наманган районундагы Катта Наманган каналына чөгүп бара жаткан үч жашар баланы ӨКМдин кызматкери куткарып калган


