Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Глобалдык энергетика картасын түзгөн Азербайжан модели - КОММЕНТАРИЙ

Эл аралык мамилелердин заманбап системасында энергетикалык фактор экономикалык өнүгүүнүн эле көрсөткүчү болуп калбастан, мамлекеттердин саясий салмагын, геостратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана дүйнөлүк чечимдерди кабыл алуу процесстерине таасирин аныктоочу негизги факторлордун бири болуп калды. Мына у

0 көрүүazertag.az
Глобалдык энергетика картасын түзгөн Азербайжан модели - КОММЕНТАРИЙ
Paylaş:

Эл аралык мамилелердин заманбап системасында энергетикалык фактор экономикалык өнүгүүнүн эле көрсөткүчү болуп калбастан, мамлекеттердин саясий салмагын, геостратегиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана дүйнөлүк чечимдерди кабыл алуу процесстерине таасирин аныктоочу негизги факторлордун бири болуп калды. Мына ушундай татаал жана динамикалуу геосаясий шарттарда Азербайжан Республикасы тарабынан ишке ашырылып жаткан энергетикалык саясат биздин өлкөнү региондун чек араларын кесип өтүп, эл аралык энергетикалык коопсуздукту калыптандырууда маанилүү роль ойногон алдыңкы мамлекеттердин бирине айлантты Бул тууралуу АЗЕРТАГА депутат Бахруз Махаррамов билдирди Анын айтымында, Азербайжандын бүгүнкү жетишкен позициясы кыска мөөнөттө калыптанган жок жана бул жыйынтыктар ырааттуу мамлекеттик саясаттын, саясий чечкиндүүлүктүн жана улуттук кызыкчылыктарга негизделген стратегиялык башкаруунун жемиши "Улуу лидер Гейдар Алиев аныктаган өнүгүү багыты президент Илхам Алиев тарабынан жаңы доордун чакырыктарына ылайык иштелип чыгып, өлкөбүздүн дүйнөлүк аброюн ого бетер бекемдеди. Азербайжандын энергетикалык стратегиясы бар ресурстарды экспорттоого гана эсептелген эмес. Негизги максат өлкөнү энергетикалык коопсуздук, транзиттик мүмкүнчүлүктөр, эл аралык кызматташтык жана экономикалык туруктуулук боюнча дүйнөлүк маанидеги мамлекетке айландыруу болгон. 21-кылымдын энергетикалык долбоорлору, Түштүк газ коридору дагы саясий ишенимдин жана эл аралык кызматташтыктын жаңы булагы болуп саналат, бул демилгенин натыйжасында Азербайжан энергетикалык ташыгычтардын экспорттоочусу катары гана эмес, ошондой эле ар кайсы аймактарды жана мамлекеттерди бириктирген стратегиялык платформанын автору катары да иш алып барууда өнөктөш», - деди Бахруз Депутат Азербайжандын эл аралык аброюн айырмалап турган негизги аспектилердин бири энергетикалык ресурстарды саясий таасир көрсөтүү каражаты катары колдонбой, бардык өнөктөштөр менен өз ара урматтоо жана эл аралык укук принциптеринин негизинде кызматташууну түзөрүн белгиледи. Мына ушундай саясаттын на-тыйжасында елкебуздун партнялык географиясы жылдан-жылга кецейууде. Анын айтымында, учурда азербайжан газынын 16 өлкөгө экспорттолушу биздин мамлекеттин экономикалык дипломатиясынын жана ишенимдүү энергетикалык саясатынын ийгилигинин реалдуу көрсөткүчү болуп саналат: "Бул географиянын кеңейиши Азербайжан мындан ары энергетикалык камсыздоочу гана эмес, эл аралык энергетикалык туруктуулукту коргоо тутумун түзүүчү актерлордун бири экенин көрсөтүп турат. Дүйнөлүк энергетика рыногунда акыркы жылдардагы олку-солкулуктун фонунда, Европанын энергетикалык концепциясынын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Мына ушундай кырдаалда Азербайжан өзүнүн милдеттенмелерине берилгендиги жана туруктуу камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчө ишенимге ээ болгон мамлекет болуп калды Азербайжандын стратегиялык мааниси көмүр суутек кору менен эле чектелбейт. Ошол эле учурда биздин өлкө евразиялык транспорттук-логистикалык тутумдун маанилүү түйүнү катары иш алып барат. Акыркы жылдарда түзүлгөн заманбап инфраструктуралык долбоорлор Азербайжандын эл аралык соода жана жүк ташуудагы ролун бир топ жогорулатты. Бул өңүттөн алганда негизги экспорттук мунай кууру Баку-Тбилиси-Жейхан, Баку-Тбилиси-Карс темир жолу, Эл аралык Алат деңиз соода порту жана өлкөнүн бардык аймагында түзүлгөн заманбап логистикалык инфраструктура аймактын экономикалык интеграциясында маанилүү роль ойнойт Депутаттын айтымында, Азербайжан берген транзиттик жана энергетикалык мүмкүнчүлүктөр Борбор Азия мамлекеттеринин дүйнөлүк рынокко чыгуусун жеңилдетип, аймактын жалпы экономикалык туруктуулугун жогорулатып, кызматташуунун жаңы форматтарынын пайда болушуна шарт түзөт Бахруз Махаррамов бул ийгиликтердин артында эң оболу күчтүү саясий эрк турганын баса белгиледи: “Көптөгөн эл аралык чөйрөлөр Азербайжан алдыга койгон ири энергетикалык долбоорлордун келечегинен күмөн санашканы менен, принциптүү жана ырааттуу саясаттын натыйжасында бул демилгелер бүгүнкү күндө дүйнөлүк энергетика системасынын ажырагыс бөлүгүнө айланды 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек

Kaynak: azertag.az

Diğer Haberler