Казакстандын өкүлү: Орто коридор бизнести өнүктүрүү жана чет өлкөдөн өнөктөш табуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт
Биринчиден, Азербайжандын географиялык абалы абдан ыңгайлуу экенин белгилей кетүү керек. Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкан Азербайжан эки континентти бириктире турган чоң жана маанилүү транспорттук инфраструктураны түздү. Орто коридор бизнести өнүктүрүү жана чет өлкөдөн өнөктөштөрдү табуу ү

Биринчиден, Азербайжандын географиялык абалы абдан ыңгайлуу экенин белгилей кетүү керек. Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкан Азербайжан эки континентти бириктире турган чоң жана маанилүү транспорттук инфраструктураны түздү. Орто коридор бизнести өнүктүрүү жана чет өлкөдөн өнөктөштөрдү табуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет, биз аны колдонобуз. Транскаспий эл аралык транспорт жолу (Орто коридор) аркылуу Азербайжанга продукцияларыбызды экспорттойбуз Бул сөздөрдү «Caspian Agro Week» - 19-Азербайжан эл аралык айыл чарба көргөзмөсү жана форумуна катышкан AZERTAc агенттигине айыл чарбасында колдонулуучу приборлорду жана шаймандарды чыгарган «Veryberry» казак компаниясынын маркетинг боюнча директору Аяулим Айбековна билдирди Анын айтымында, көргөзмөгө коюлган продукция Актау-Баку кеме каттамы аркылуу Бакуга алынып келинген "Орто коридор Казакстанда, ошондой эле Борбор Азиянын башка республикаларында иш алып барган бизнес мекемелерине жана компанияларына Грузия, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен ишкердик байланыштарды түзүүгө жардам берет. Биз жыл сайын Азербайжанда өтүүчү бул көргөзмөгө катышабыз. Көргөзмө жана форум жогорку деңгээлде уюштурулуп, аны өнөктөштөрдү табууда натыйжалуу пайдаланабыз. Буга чейин азербайжандык "Метак" компаниясы менен кызматташуу келишимине кол койгонбуз жана келерки жылы Казакстанда иш алып барган компанияларыбыз бул көргөзмөгө дагы катышат. Көргөзмөнүн ачылышына Азербайжандын президенти катышары белгилүү болду, бул мамлекет тарабынан айыл чарба тармагында иштеген компанияларга камкордук жана көңүл бурулуп жатканы ишкер менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнүн көрсөткүчү болуп саналат», - деп кошумчалады 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек
Diğer Haberler

SpaceXге каршы класстык доо: Үйлөрүбүз жабыркады - Kıbrıs News - Kıbrıs News, TRNC Акыркы мүнөт жана күн тартибиндеги жаңылыктар

Токаев ЕЭК ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча баяндамасын укту
