Газ менен камсыздоо тармагындагы мониторингдин жаңы эрежеси түзүлдү
«Текшерүү жана техникалык тейлөөгө байланышкан талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө эрежеси» бекитилди. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Али Асадов кол койду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-июнундагы № 214 "Инспекциялык-техникалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруунун т

«Текшерүү жана техникалык тейлөөгө байланышкан талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө эрежеси» бекитилди. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Али Асадов кол койду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-июнундагы № 214 "Инспекциялык-техникалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому Жаңы жобого ылайык, мониторингди техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана газ орнотмолорун ишенимдүү эксплуатациялоо жаатындагы жөнгө салуучу "Газ менен камсыздоо жөнүндө" мыйзамда каралган текшерүүлөрдүн реестрине киргизилген маалыматтардын жана техникалык тейлөөнүн маалыматтарынын негизинде жүргүзөт. Ишкердик субъекттерине карата мониторинг “Ишкердик чөйрөсүндө жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү жөнгө салуу жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Мониторингдин максаты - мониторинг субъекттери тарабынан Мыйзамдын талаптарын көрсөтүлгөн мезгилдүүлүк менен аткарууну камсыз кылуу, укук бузууларды болтурбоо жана жол берилген бузууларды өз убагында табуу жана жоюу. Мониторинг субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат: - газ бөлүштүрүүчү системанын оператору; - турак жайлардын квартира ээлери (имарат батирлердин менчик ээлеринин карамагында болгондо), батирлердин менчик ээлеринин биргелешкен коомдору, адистештирилген керектөө кооперативдери, имаратты башкаруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер (башкаруу уюмдары), ошондой эле газдаштырылган башка курулуш объектилеринин менчик ээлери (пайдалануучулар); - балансында мамлекеттик турак жай фондуна таандык имараттары бар мамлекеттик органдар (мекемелер); - адистештирилген подрядчылар; - керектөөчүлөр


