Алар ФСБнын полковнигин жардырууга аракет кылышкан
Жаңы Москвада бир нече жылдар бою сепаратисттик “КДРдин” “мамлекеттик коопсуздук министри” болуп иштеген Андрей Пинчуктун үйүндө жарылуу болду. Бул тууралуу ТАСС укук коргоо органдарына таянуу менен билдирет Жарылуу курьер Пинчуктун үйүнө пакет алып келгенден кийин болгон Shot телеграм каналынын

Жаңы Москвада бир нече жылдар бою сепаратисттик “КДРдин” “мамлекеттик коопсуздук министри” болуп иштеген Андрей Пинчуктун үйүндө жарылуу болду. Бул тууралуу ТАСС укук коргоо органдарына таянуу менен билдирет Жарылуу курьер Пинчуктун үйүнө пакет алып келгенден кийин болгон Shot телеграм каналынын маалыматы боюнча, Пинчук брондолгон эшиктин артына жашынганга үлгүрүп, жабыркаган эмес. Анын үй-бүлөсү башка жакта болчу. Пинчук Baza Telegram каналына бир аз мээси чайкалганын айтты. ТАСС Пинчуктун өмүрүнө коркунуч жок деп жазат Андрей Пинчук - ФСБнын запастагы полковниги. 2000-жылдардын башында жикчил Приднестровьенин “Мамлекеттик коопсуздук министрлигинде” иштеген, андан кийин Донбасста орусиячыл жикчилдер тарабында согуштук аракеттерге катышкан. 2014-жылдын 17-июлунда Пинчук "КДРдин мамлекеттик коопсуздук министри" болуп, 2015-жылдын 1-мартына чейин бул кызматты аркалаган. Пинчук Орусиянын Украинага каршы согушуна катышкан


