Акчабарда мас абалында айдоочулар үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат
Мас абалында унаа айдагандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Эми алкоголдук ичимдиктерди ичип рулга отурган айдоочулар үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 80 миң сомдон 150 миң сомго чейин айыпка тартылат Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы

Мас абалында унаа айдагандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Эми алкоголдук ичимдиктерди ичип рулга отурган айдоочулар үч жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 80 миң сомдон 150 миң сомго чейин айыпка тартылат Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын юридикалык кеңешчиси, милициянын капитаны Айтикул уулу Байказы Биринчи радиого берген маегинде билдирди Президент Садыр Жапаров “Айрым мыйзам актыларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду 2023-жылга чейин мас абалында унаа айдоо үчүн 17,5 миң сом айып салынып, 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылчу. Бирок бул чаралар күтүлгөн натыйжаны берген жок, ошондуктан кийинчерээк айдоочуну бир жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу эрежеси киргизилген. Ошого карабастан, мас абалында унаа башкарган фактылар азайган жок, ошондуктан жоопкерчилик дагы күчөтүлдү Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа айдаган айдоочулар эки жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылып, кошумча түрдө 80 миң сом айып төлөшөт Айдоочу мас абалын аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүүдөн баш тартса, үч жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылат жана 100 миң сом айып салынат Мындан тышкары, мас абалындагы айдоочуга билип туруп унаа башкаруусун өткөрүп берген адамдар да жоопкерчиликке тартылат. Жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып каралган Ошондой эле мас абалында айдоочу жол кырсыгына алып келип, материалдык зыян келтирсе, 100 миң сом айып пул төлөп, үч жылга чейин транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылат Мас абалында унааны кайра башкарган учурда кылмышкер 100 миңден 150 миң сомго чейин айып пул төлөйт, ошондой эле бир жылга чейин эркинен ажыратылат Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз
Diğer Haberler

Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк чемпионатка бара турган өзбекстандык күйөрмандардын саякатка чыгуусуна көрсөтмө берди
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кишиневдун "Гагаузиянын автономиялык статусун жоюу" аракетине тынчсызданууда
