Путиндин Кытайга сапарынын күнү белгилүү болду
Кремль сарайынан жасалган билдирүүдө Путиндин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 19-20-майда Пекинге бара турганы белгиленди Визит учурунда Путин менен Си Россия менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча кадамдарды

Кремль сарайынан жасалган билдирүүдө Путиндин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 19-20-майда Пекинге бара турганы белгиленди Визит учурунда Путин менен Си Россия менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча кадамдарды талкуулашат, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашат Билдирүүдө Путин менен Си Цзиньпин менен «Орусия жана Кытайдын билим берүү жылдары» деп аталган иш-чаранын ачылыш аземине катышары жана жолугушуулардан кийин жогорку деңгээлдеги биргелешкен билдирүүгө жана өкмөттөр аралык, мекемелер аралык жана башка кээ бир эки тараптуу документтерге кол коюу пландалганы белгиленди Путин менен Си акыркы жолу 2025-жылы сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытайда жолугушкан

