Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Путин Зеленскийдин каты жөнүндө билдирүү жасап, “жолугушуунун мааниси жоктугун” айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катына “учкай” көз жүгүрткөнүн билдирип, аны менен “жолугушуудан эч кандай маани-маңыз көрө албай турганын” айтты. Бул тууралуу ал Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПМЭФ) пленардык сессиясында сүйлөп жаты

0 көрүүazattyk.org
Путин Зеленскийдин каты жөнүндө билдирүү жасап, “жолугушуунун мааниси жоктугун” айтты
Paylaş:

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин катына “учкай” көз жүгүрткөнүн билдирип, аны менен “жолугушуудан эч кандай маани-маңыз көрө албай турганын” айтты. Бул тууралуу ал Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПМЭФ) пленардык сессиясында сүйлөп жатып кеп кылды Путин Зеленскийдин президенттик мөөнөтү аяктаганын эске салып, “ал шайлоого барышы керектигин жана Башкы мыйзам талап кылгандай аракеттерди көрүшү керектигин” кошумчалады “Эгер бийликти Конституциядан сырткары ээлеп олтура берсе, бул бийликти узурпациялоо болуп калат. Бул кылмыш”, – деди Путин Орус президенти үч апта мурда украин тараптын чакыруусу менен орусиялык бизнесмен Киевге барганын айтып берди. Ишкер Зеленскийге жолугуп, жолугушуу тууралуу анын сунушун Путинге жеткирген. Владимир Путиндин сөзүнө караганда, анын эртеси, 22-майда Украинанын Куралдуу күчтөрү Старобельскидеги коллежге сокку урган Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге согушту токтотууга, түз сүйлөшүүгө чакырып жазган ачык катын жарыялаган. Украин лидери бейтарап аянтчада АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн катышы менен жеке жолугушууну сунуштаган. "Согуштан чыгуудан коркпоңуз – бул азыр сизден керек болуп жаткан башкы нерсе", – деген анда Зеленский Катында Зеленский жаңжал Путиндин аң-сезимдүү тандоосу болгонун, ал согуш үчүн жооптуу адам экенин белгилеген. "Сиз НАТО, геосаясат жана орус тили тууралуу эмне гана сөз айтпаңыз, бул согуш – чыныгы себептери жок согуш – жеке сиздин гана тандооңуз", – деп жазылган катта Зеленский Киев менен Москванын ортосунда сүйлөшүү жараянын баштоону өзүнчө сунуштады. Анын сөзүнө караганда, жолугушуу Швейцарияда, Түркияда же араб өлкөлөрүнүн биринде өтсө болот Орусиянын президенти Владимир Путиндин украин президентинин каты жөнүндө жообунан кийин Владимир Зеленский “тилекке каршы, орус тарап кайрадан согушту тандады – бүгүнкү жоопту баарыңар уктуңар. Чабал жооп. Ал жө гана согушту бүтүргүсү келбейт. Менимче, дүйнөдө көпчүлүгү бул жооптон иренжиди” деген билдирүү таратты. Ал Орусиянын экономикасына басымды күчөтүүгө чакырды. (ErN)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler

Путин Зеленскийдин каты жөнүндө билдирүү жасап, “жолугушуунун мааниси жоктугун” айтты | Tenqri