Путин Фидан менен жолугушат
Москвада иш сапары менен жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга “өтүнчү” жасады. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди Ушаковдун айтымында, бул “өтүнүч аткарылат” жана орус президенти түрк министрин 17-июнь

Москвада иш сапары менен жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга “өтүнчү” жасады. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди Ушаковдун айтымында, бул “өтүнүч аткарылат” жана орус президенти түрк министрин 17-июнь күнү кечинде, болжол менен саат 20:00дө кабыл алат "Учурда Түркиянын тышкы иштер министри Фидан Москвада иш сапары менен жүрөт, ал биздин президент менен жолугушууну суранды. Бул өтүнүч аткарылат. Биздин президент Түркиянын тышкы иштер министрин эртең кечинде, болжол менен кечки саат сегизде кабыл алат", — деп билдирди Кремлдин басма сөз кызматы Ушаков Хакан Фидандын Орусияга сапары 15-17-июнь күндөрү болот. Сапардын жүрүшүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда


