Путин кеткен орустардын мүлкүн тартып алууга уруксат берди
Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын кызыкчылыгына каршы аракеттери үчүн чыгып кеткен орусиялыктардын мүлкүн камакка алууга уруксат берген мыйзамга кол койду. Мыйзам 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Демилге Административдик кодекстин беренелеринин тизмесин кеңейтет, ага ылайык чет өлкөдөгү

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын кызыкчылыгына каршы аракеттери үчүн чыгып кеткен орусиялыктардын мүлкүн камакка алууга уруксат берген мыйзамга кол койду. Мыйзам 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Демилге Административдик кодекстин беренелеринин тизмесин кеңейтет, ага ылайык чет өлкөдөгү орусиялыктар жоопкерчиликке тартылат. Россиянын “кызыкчылыктарына каршы кылмыштардын” арасында “чет элдик агенттер” деп аталгандардын ишмердүүлүгүнүн тартибин бузуу, массалык маалымат эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу, террористтик же экстремисттик аракеттерге чакыруу, Орусиянын бүтүндүгүн бузууга жана ага каршы санкцияларды киргизүү, орус армиясынын беделин түшүрүү бар. Мыйзам коопсуздук чарасы катары орусиялыктардын чет өлкөдөгү мүлктөрүн жана банк эсептерин камакка алууга уруксат берет. Камакка алуу белгиленген айып пул төлөнмөйүнчө күчүндө болот. Камакка алынган мүлктүн наркы айыптын өлчөмү менен чектелбейт жана айыптын өлчөмүнөн кыйла ашып кетиши мүмкүн. Документ 2024-жылы октябрда Татарстандын Мамлекеттик кеңеши тарабынан Мамлекеттик Думага сунушталып, 2025-жылдын май айында биринчи окууда кабыл алынган. Экинчи окууда мыйзам долбоору олуттуу түрдө кайра каралып чыкты, атап айтканда, Россияда эмигранттар куугунтукка алынуучу Административдик кодекстин беренелеринин тизмеси кошулду. Майдын аягында Мамлекеттик Дума мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


