Путин кайрадан Орешник жана өзөктүк дүрмөттөр жөнүндө - жаңыртылган 18:35
«Орешник» ракеталык системасы ядролук дүрмөттөр менен жабдылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-майда Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди «2025-жылдан бери өзөктүк дүрмөттөр менен жабдылышы мүмкүн болгон орто аралыкка учуучу «Орешник» ракеталык комплекси күжүрмөн кызматка киргизилди», - деди Пути

«Орешник» ракеталык системасы ядролук дүрмөттөр менен жабдылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-майда Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди «2025-жылдан бери өзөктүк дүрмөттөр менен жабдылышы мүмкүн болгон орто аралыкка учуучу «Орешник» ракеталык комплекси күжүрмөн кызматка киргизилди», - деди Путин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери менен жолугушууда Орус армиясы "Сармат" ракеталык системасын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путинге Стратегиялык ракеталык күчтөрдүн (РВСН) командачысы Сергей Каракаев билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты Россия Федерациясынын президентинин айтымында, үстүбүздөгү жылдын аягында «Сармат» аскердик нөөмөткө алынат. “Сармат” – “дүйнөдөгү эң күчтүү ракеталык система”, анын жалпы кубаттуулугу батыштын бардык аналогдорунан төрт эсе көп”, - деди орус президенти Сыноолорго комментарий берип жатып Путин ошондой эле Посейдон жана Буревестник боюнча иштер акыркы баскычта экенин айтты «Сармат» СССРде жасалган «Воевода» ракеталык комплексинин ордуна түзүлүүдө. Жаңы иштеп чыгуу "согуштук мүмкүнчүлүктөрү боюнча мурункусунан жогору турат", - деп белгиледи стратегиялык ракеталык күчтөрдүн башчысы. Биринчиден, кеп учуу аралыгы, ыргытуучу салмагы, учурууга даярдыгы жана колдонулган каршы чаралардын комплекси жөнүндө болуп жатат “Сармат” стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн кургактагы тобунун күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат, буталарды жок кылуу жана стратегиялык бөгөт коюу милдеттерин чечет”, - деп кошумчалады ал Путин Сармат 2023-жылы кайра аскердик кызматка өтөөрүн жарыялаган. Бирок 2024-жылы бир катар ийгиликсиз сыноолордон улам бул ишке аша элек


