Путин Трамптын сөзүнөн кийин шашылыш көрсөтмө берди
10-апрелдин кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде жасалма интеллект (AI) технологияларын өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрүп, анда мамлекеттин “коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн” камсыз кылуу үчүн “суверендүү” тил моделин түзүүгө буйрук берди "Мен ата мекендик фундаменталдуу AI мо

10-апрелдин кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде жасалма интеллект (AI) технологияларын өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрүп, анда мамлекеттин “коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн” камсыз кылуу үчүн “суверендүү” тил моделин түзүүгө буйрук берди "Мен ата мекендик фундаменталдуу AI моделдерин түзүүнү жана андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу зарыл деп эсептейм. Алар глобалдык масштабда атаандаштыкка жөндөмдүү жана ошол эле учурда эгемендүүлүктүн максималдуу деңгээлине ээ болушу керек", - деди Путин. Анын айтымында, эгемендүүлүк LLM моделин (Large Language Model) иштеп чыгуунун жана окутуунун бүт циклин бир гана орусиялык компаниялар тарабынан жүргүзүүнү камтыйт - "биздин инженерлер ушундай татаал системалардын бардык параметрлерин башкара алышы үчүн" Путин атайын комиссия түзүп, анын милдеттеринин бири “улуттук коргонуу жана коопсуздук үчүн өзүбүздүн AI чечимдерибизди иштеп чыгуу” болот. Кремлдеги жолугушууга бир нече саат калганда АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social сайтында "мыкты согуштук мүмкүнчүлүктөрү жана жабдыктары бар экенин далилдеген" коргонуу программасын иштеп чыгуучу Palantir Technologiesти мактаган пост жарыялады — Душмандарыбыздан сура! - деп жазды Ак үйдүн башчысы. Палантир - Maven Smart системасынын жаратуучусу, аны Forbes "АКШ аскерлеринин AI операцияларынын негизи" деп атаган. Бул системанын аркасында, Иранга каршы кампаниянын алгачкы 24 саатында АКШ аскерлери 1000ден ашык бутага сокку урду


.webp&w=2048&q=70)