ПСЖ менен Атлетико Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыгышты
Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалисттери аныкталды Ал эми кубоктун азыркы ээси ПСЖ жооптук оюнда Ливерпульдон күчтүүрөөк болду - 2:0. Жалпы эсеп — 4:0 73-мүнөттө коноктордун чабуулчусу Усман Дембеле эсепти ачты. 90+1-мүнөттө ал дубль жаратты ПСЖ жарым финалда Бавария же Реал Мадрид менен о

Чемпиондор Лигасынын алгачкы жарым финалисттери аныкталды Ал эми кубоктун азыркы ээси ПСЖ жооптук оюнда Ливерпульдон күчтүүрөөк болду - 2:0. Жалпы эсеп — 4:0 73-мүнөттө коноктордун чабуулчусу Усман Дембеле эсепти ачты. 90+1-мүнөттө ал дубль жаратты ПСЖ жарым финалда Бавария же Реал Мадрид менен ойнойт Атлетико да кийинки баскычка өттү. Өз талаасында "Барселона" менен болгон оюнда 1:2 эсебинде утулганына карабай, мадриддиктер жалпы эсепте 3:2 эсебинде жеңишке жетишти 4-мүнөттө Ламин Ямал жооптук оюнда эсепти ачты. 24-мүнөттө Ферран Торрес каталондуктардын айырмасын эки эсеге арттырды. 31-мүнөттө Адемола Лукман матрацтар үчүн бирөөнү артка тартты 55-мүнөттө Ферран Торрес Барсанын үчүнчү голун киргизди, бирок офсайддан улам гол жокко чыгарылды. 80-мүнөттө Эрик Гарсия конокторго кызыл кагаз алды Жарым финалда "Атлетико Мадрид" "Арсенал" менен "Спортинг" беттешинин жеңүүчүсү менен беттешет


