Түз каттамдар жана Кара деңизге транзит: Жапаров менен Кобахидзе Бишкекте эмнени талкуулашты
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автожолунун курулушу Кара деңиздеги Грузиянын деңиз порттору багытында Кыргыз Республикасы аркылуу жүк ташууну бир топ жогорулатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекке расмий сапар менен келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен болгон жолугушууда
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автожолунун курулушу Кара деңиздеги Грузиянын деңиз порттору багытында Кыргыз Республикасы аркылуу жүк ташууну бир топ жогорулатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекке расмий сапар менен келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен болгон жолугушууда билдирди Бул эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы биринчи жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы Жолугушууда Садыр Жапаров Грузиянын уникалдуу географиялык жайгашуусу жана порт инфраструктурасы өнүккөндүгүн баса белгиледи. Жаңы евразиялык каттамдардын калыптануу шартында эки өлкөнүн транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүүсү биринчи планга чыгат Глобалдык транспорт коридорлорунан тышкары тараптар эки республиканы жакындаштыруунун башка практикалык кадамдарын талкуулашты:


