Германиянын прокурору: Айгүл Сайлыбаеванын иши боюнча камакка алуулар болгон жок
— Ушул кунге чейин Германиянын Федеративдуу Рес-публикасында да, чет елкелерде да бул ишке байланыштуу камакка алуулар болгон эмес. Купуялуулукту сактоо жана жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн натыйжалуулугу үчүн мен, тилекке каршы, дагы деле жүргүзүлө турган мындан аркы тергөө иш-чаралары тууралуу маалыма

— Ушул кунге чейин Германиянын Федеративдуу Рес-публикасында да, чет елкелерде да бул ишке байланыштуу камакка алуулар болгон эмес. Купуялуулукту сактоо жана жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн натыйжалуулугу үчүн мен, тилекке каршы, дагы деле жүргүзүлө турган мындан аркы тергөө иш-чаралары тууралуу маалымат бере албайм, деди Дармштадт шаарынын улук прокурору агенттиктин суроосуна жооп берип жатып Ал кошумчалагандай, бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда Кошумчалай кетсек, учурда бул иш боюнча Орусиянын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү жок Буга чейин адвокат Жанна Уразбахова шектүүлөр Александр менен Наталья Донцовдор кармала электигин билдирген Эскерте кетсек, Германиянын укук коргоо органдары адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Германиянын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, соттун чечими менен маркумдун кайненеси Наталья Донцова шектүү деп табылып, ошондуктан аны Германияда жана башка Европа өлкөлөрүндө камакка алууга ордер берилген Астананын Сарыарка райондук сотунун мурдагы судьясы Айгүл Сайлыбаева 2024-жылы жайында Германияда жоголуп кеткен. Кийинчерээк дайынсыз жоголгон казакстандык аялдын сөөгү Бенсхайм шаарына жакын жерден табылганы белгилүү болгон Кийинчерээк Айгүл Сайлыбаеванын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарын Орусия тарапка берүү пландалып жатканы тууралуу маалымат чыккан. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Наталья Донцова Москвада жашайт. Улуттук изилдөө университетинин Жогорку Экономика мектебинде иштеген уулу Александр Донцов да ошол жерде 2026-жылдын мартында Александр Донцов жубайы Айгүл Сайлыбаеванын өлүмүнө катыштыгы бар деген айыптоолорду ачык четке каккан


