Кочкор райондук прокуратурасы 30,5 миллион сомдук жер тилкесин кайтарып берди
Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерүүнүн жүрүшүндө 1996-жылы Чолпон айыл аймагынын Эрсары-Шайтан-Кашар участкасында жайгашкан 30 га сугат айдоо жери 99-жылдын 9-октябрындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке дыйкан чарбасына пайдаланууга бери

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерүүнүн жүрүшүндө 1996-жылы Чолпон айыл аймагынын Эрсары-Шайтан-Кашар участкасында жайгашкан 30 га сугат айдоо жери 99-жылдын 9-октябрындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке дыйкан чарбасына пайдаланууга берилгени аныкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирди Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жана жүргүзүлгөн соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аталган жер участогун пайдаланууга берүү үчүн негиз болгон укук белгилөөчү документтер жараксыз деп табылган. Жыйынтыгында Чолпон айыл аймагынын базар баасы 30 млн 500 миң сомду түзгөн аянты 30 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди


