АКШнын Энергетика министрлигинин болжолу: Ормуз азырынча жабык бойдон калат
Ормуз кысыгы көпкө чейин дээрлик жабык бойдон калат; Бул жол аркылуу мунайдын толук ташылышы 2027-жылга чейин калыбына келтирилбейт, деп болжолдойт АКШнын Энергетика министрлиги. Бул тууралуу Энергетика маалымат башкармалыгынын (EIA) жаңы баяндамасында айтылат "Биз Ормуз кысыгы жакынкы келечекте и

Ормуз кысыгы көпкө чейин дээрлик жабык бойдон калат; Бул жол аркылуу мунайдын толук ташылышы 2027-жылга чейин калыбына келтирилбейт, деп болжолдойт АКШнын Энергетика министрлиги. Бул тууралуу Энергетика маалымат башкармалыгынын (EIA) жаңы баяндамасында айтылат "Биз Ормуз кысыгы жакынкы келечекте иш жүзүндө жабык бойдон кала берет деген божомолго таянабыз. Биз кысык аркылуу мунай жеткирүү 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде жанданат деп болжолдоодобуз, бирок биз жаңжалга чейинки деңгээлге чейин калыбына келтирүү үчүн бир нече ай талап кылынат деп болжолдоп жатабыз, биз эң эрте 2027-жылдын башына чейин болоорун күтпөйбүз" АКШнын Энергетика министрлиги бул болжолдоо мөөнөтү аяктагандан кийин Жакынкы Чыгыштагы мунай өндүрүүнүн бир бөлүгү үзгүлтүккө учурашын күтөт Ошол эле маалда АКШнын энергетика министри Крис Райт Ормуз кысыгы аркылуу мунай экспорту акыркы убакта көбөйгөнүн жана мындан ары да өсө турганын билдирди. Райттын айтымында, тынчтыкка жетишилгенден кийин энергиянын жана маанилүү материалдардын экспортун калыбына келтирүүгө көп айлар керек болот


