Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Чек ара кызматына жана Мамлекеттик күзөт кызматына тергөө органынын ыйгарым укуктарын жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү укугун берүү боюнча мыйзамды колдоду
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 16-июндагы кезектеги жыйынында “Мамлекеттик чек араны коргоо жана мамлекеттик коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окуу

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 16-июндагы кезектеги жыйынында “Мамлекеттик чек араны коргоо жана мамлекеттик коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды Мыйзам долбоору боюнча маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков билдирди Ал белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны жана мамлекеттик күзөт органдарын коргоо тутумун мындан ары өркүндөтүүгө, ошондой эле эл аралык кылмыштуу топтордун кирип кетүү коркунучуна каршы туруу жана контрабандага каршы күрөшүү максатында жаңы түзүлүп жаткан түзүмдөрдүн укуктук негиздерин чыңдоого багытталган Ошентип, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында, бул органдарга сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө органынын процессуалдык ыйгарым укуктарын жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү укугун берүү боюнча өзгөртүүлөр сунушталууда Талкууда депутат Гуля Кожокулова мамлекеттик коопсуздук органдарына тергөө органынын ыйгарым укуктарын берүү башка укук коргоо органдарынын функцияларынын кайталанышына алып келер-келбесин сурады. Буга спикер белгилегендей, функциялардын кайталанышы болбойт, анткени ыйгарым укуктар бир гана органдардын компетенциясынын чегинде ишке ашырылат Ошону менен бирге, комитет мүчөлөрү “2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда карап, жактырышты Мыйзам долбоорун тааныштырган Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Макулдашуунун долбоору жарандардын конституциялык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өркүндөтүү, жазык-укуктук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы кылмыштарды өткөрүп берүү жаатында укуктук базаны калыптандыруу максатында иштелип чыкканын билдирди Талкууда депутат Чолпон Эсенаманова, келтирилген маалыматтар боюнча Пакистанда Кыргыз Республикасынын 18 жараны соттолгондугун жана жазасын өтөп жатканын белгилеп, алардын канчасы өз мекенинде жазасын мындан ары өтөө үчүн которулушу мүмкүн экенине кызыкты. Депутат Улан Бакасов Кыргызстанда оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон пакистандык жарандар жаза мөөнөтүн өз мамлекетине өтөө үчүн которулбашы керектигин баса белгиледи. Депутат Жаныбек Аматов соттолгондорду которуунун тартибине жана келишимди ишке ашыруу механизмине кызыкты


