Өзбекстанда май куюучу станцияда жарылуу болуп, алты адам каза болду
Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Карши районунда турмуш-тиричилик газ баллондорун суюлтулган газ менен толтуруучу жайда жарылуу болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди Башкармалыктын маалыматы боюнча, жарылуунун жана андан кийинки өрттүн кесепетинен алты адам каза болгон

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Карши районунда турмуш-тиричилик газ баллондорун суюлтулган газ менен толтуруучу жайда жарылуу болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди Башкармалыктын маалыматы боюнча, жарылуунун жана андан кийинки өрттүн кесепетинен алты адам каза болгон. Дагы беш жабырлануучу ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен ооруканага жаткырылды Окуя тууралуу 8-июнь күнү саат 13:50дө куткаруу кызматына билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге беш өрт-куткаруу бөлүмү жөнөтүлдү. Өрт саат 14:05те локализацияланып, саат 14:55те толугу менен өчүрүлгөн Алдын ала маалымат боюнча, төрт унаа, анын ичинде эки газ ташуучу, ошондой эле эки жер астындагы күйүүчү май сактоочу резервуар жабыркаган Бийлик жабыркагандарга жардам көрсөтүү, окуянын кесепеттерин жоюу, жарылуунун себептерин аныктоо жана ушул сыяктуу окуялардын алдын алуу боюнча иш-чараларды даярдоо боюнча вице-премьер-министр Ачылбай Раматов башында турган өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


