«Теплые ключи» санаторийинде ГЭСтин курулушунда эки ондогон бак-дарактар кыйылды -
Аламүдүн кичи ГЭСин курууда «Теплые ключи» санаторийинин аймагында 20 дарак мыйзамсыз кыйылганы аныкталган. Айлана-чөйрөгө келтирилген зыян 152,2 миң сомго бааланып, аны куруучу компания мамлекетке төлөп берген Бул фактыны Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык кө

Аламүдүн кичи ГЭСин курууда «Теплые ключи» санаторийинин аймагында 20 дарак мыйзамсыз кыйылганы аныкталган. Айлана-чөйрөгө келтирилген зыян 152,2 миң сомго бааланып, аны куруучу компания мамлекетке төлөп берген Бул фактыны Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы аныктады. «Белен Групп» жабык акционердик коому тарабынан курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуу катталган Ведомстводон билдиришкендей, ишкана өз ыктыяры менен бул сумманы мамлекетке толук төлөп берген жана алар жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтурууга убада беришкен Жаратылыш ресурстар министрлиги учурда курулуш иштери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген бардык керектүү уруксаттардын негизинде жүргүзүлүп жатканын билдирди Долбоор шаар куруу корутундусун, жер участогун пайдаланууга келишимди, техникалык шарттарды, курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксатты жана объектти тиешелүү реестрге киргизүү боюнча документтерди камтыйт Эске сала кетсек, жергиликтүү тургундар жана туристтер курулушчулардын аракетине бир нече жолу арызданышкан. Алардын айтымында, бак-дарактар, көп жылдык карагайлар гана жок кылынбастан, ондогон жылдар бою төшөлгөн жөө жүрүүчүлөр да жок кылынууда
