Индияда мейманканада чыккан өрттөн Кыргызстандын үч жараны каза болду
«Кыскача маалымат» (АКИpress) - Индияда мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди Өрт 3-июнда Нью-Делинин Малвия Нагар аймагында жайгашкан Florist Inn мейманканасында болгон. Өрттүн кесепетинен 21 адам каза болгон, ан

«Кыскача маалымат» (АКИpress) - Индияда мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен Кыргызстандын үч жараны каза болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди Өрт 3-июнда Нью-Делинин Малвия Нагар аймагында жайгашкан Florist Inn мейманканасында болгон. Өрттүн кесепетинен 21 адам каза болгон, анын ичинде үч кыргызстандык: Х.Н. (1976-жылы туулган), Т.Х. (2003-жылы туулган) жана К.М. (1950-жылы туулган) Индия тараптын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Индияга Нью-Делидеги медициналык мекемелерде дарылануу үчүн келишкен Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Индиянын бийликтери жана каза болгондордун жакындары менен байланышып, керектүү консулдук жардам көрсөтүүдө Учурда каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү жана иш кагаздарын жүргүзүү маселелери чечилүүдө


