Президенттин тапшырмасы: Жалал-Абаддагы курулуштар жеринде текшерилди
Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы ишке ашырылып жаткан бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты Ал

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы ишке ашырылып жаткан бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты Алгач Манас шаарында курулуп жаткан 5200 орундуу көп функционалдуу Спорт сарайындагы иштерди көрүп чыкты. Бул заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилгенден кийин Жалал-Абад облусунда спорт тармагын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жаштар үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө жол ачылат. Эң негизгиси, бул объект жаш муундарды сергек жашоого үндөп, алардын физикалык жана руханий өнүгүүсүнө чоң салым кошот Андан соң реконструкцияланып жаткан “Жеңиш” эс алуу багындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана заманбап коомдук мейкиндиктерди түзүү бүгүнкү күндүн маанилүү талаптарынын бири болуп саналат. Жаңыланган парк үй-бүлөлөрдүн эс алуусуна, жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана шаардыктардын маданий жашоосун жандандырууга кызмат кылат. Мындай долбоорлор шаардын көркүн гана ачпастан, жашоонун сапатын жогорулатууга жана экологиялык чөйрөнү жакшыртууга дагы өбөлгө түзөт Сапардын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын 280 орундуу жаңы корпусунун курулушуна да көзөмөл жүргүзүлдү. Саламаттык сактоо тармагындагы бул объект өзгөчө мааниге ээ. Жаңы корпус пайдаланууга берилгенден кийин медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү кыйла жакшырат. Ооруканадагы орундардын саны көбөйүп, бейтаптарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү кеңеет. Ошондой эле заманбап медициналык жабдууларды жайгаштырып, жогорку деңгээлдеги диагностика жана дарылоо кызматтарын көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Калктын саламаттыгы мамлекет үчүн эң башкы баалуулук болгондуктан, мындай долбоорлор ар дайым өзгөчө көңүл борборунда болушу керек экендиги белгиленди Ал мындан тышкары, жаңы муниципалдык базардын курулушундагы иштерди жеринде көрүп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Бул базар шаардагы соода инфраструктурасын жакшыртып, ишкерлер үчүн заманбап шарттарды түзөт. Ошону менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү экономиканын жигердүүлүгүн арттырууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк берет Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин масштабы жана мааниси абдан чоң. Бул объектилердин ар бири облус тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууга, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өсүшүнө таасир эте турган өзгөчө мааниге ээ экенин белгиленди Мамлекет башчысынын аймактарды өнүктүрүү боюнча койгон тапшырмаларын ишке ашыруу алкагында ар бир объекттин сапатына, курулуш иштеринин жүрүшүнө жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Эң башкысы — курулуп жаткан ар бир объект элдин муктаждыгына жооп берген, заманбап талаптарга ылайык келген жана көп жылдар бою калкка кызмат кыла турган пайдалуу долбоор болушу керек. Ошондуктан бардык жооптуу тараптарга иштерди сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү боюнча конкреттүү милдеттер коюлду
Diğer Haberler

2026-жылы Аталар күнү кайсы күн? Аталар күнүнө канча күн калды? Кайсы күнгө туура келет? Бул жерде майда-чүйдөсүнө чейин болуп саналат

Бейпазарыдагы "Дорук Маден" жумушчуларынын акциясына катышкан шахтердун баласы: Мен ар жайда атамдын укугу үчүн күрөшкөндөн тажадым | T24
