Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Президент Жапаров «Мамлекеттик протокол жөнүндө» мыйзамга кол койду

Бишкек (АКИpress) – Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 22-апрелде кабыл алган Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун жоболорун Конституцияга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келти

0 көрүүakipress.org
Президент Жапаров «Мамлекеттик протокол жөнүндө» мыйзамга кол койду
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 22-апрелде кабыл алган Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун жоболорун Конституцияга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү, ошондой эле протоколдук жол-жоболорду өркүндөтүү Мыйзамда төмөнкүлөр каралган: 1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун максаттары жана милдеттери; 2) Кыргыз Республикасында протоколдук иш-чаралардын өткөрүлүшүн камсыз кылуу боюнча жалпы жоболорду; 3) чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына визиттери жөнүндө жалпы жоболорду; 4) чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамоталарын жана чакырып алуу грамоталарын тапшыруу тартибин; 5) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилерин тапшыруу үчүн ишеним грамоталарын жана чакыртып алуу грамоталарын даярдоонун тартиби; 6) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболору белгиленет (тиркеме), алар төмөнкүлөрдү аныктайт: 7) Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын протоколдук стажы Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет

Diğer Haberler