Tenqri
Башкы бет
Спорт

Өзбекстандын президенти кайрадан аткаминерлерди спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө милдеттендирди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 7-апрелде дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө арналган видеоконференция өткөрдү. Анда массалык спортту жайылтуу, калктын ден соолугун чыңдоо жана кадрларды даярдоо системасын реформалоо боюнча чаралар көрүлгөн Жаңы ыкмаларга ылайык, айылдарда массалык спортт

0 көрүүazattyqasia.org
Өзбекстандын президенти кайрадан аткаминерлерди спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө милдеттендирди
Paylaş:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 7-апрелде дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө арналган видеоконференция өткөрдү. Анда массалык спортту жайылтуу, калктын ден соолугун чыңдоо жана кадрларды даярдоо системасын реформалоо боюнча чаралар көрүлгөн Жаңы ыкмаларга ылайык, айылдарда массалык спорттун эффективдүүлүгү тартылган тургундардын саны менен гана эмес, алардын ден соолугунун көрсөткүчтөрү менен да бааланат. Ар бир региондо “ден соолук балансы” түзүлө турган бирден район тандалат Ошондой эле активдүү жашоочулардын арасынан сергек жашоо ыктыярчыларынын корпусун түзүү пландаштырылууда. Алар жергиликтүү деңгээлде спортту жана сергек жашоо принциптерин жайылтышат Видеоконференцияда президент дагы бир жолу аткаминерлерди спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө милдеттендирүүнү тапшырды Жаңы буйрукка ылайык, министрлер, тармактык жана банк жетекчилери, ошондой эле облустун акимдери кызматкерлерди жеке үлгү менен спортко тартууга тийиш. Ушул максатта жуманын бир күнү спорт күнү деп жарыяланышы керек. Бул күнү министрликтерде жана уюмдарда спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле жыл сайын министрликтердин, ведомстволордун, банктардын жана акимчиликтердин ортосунда республикалык сынактарды өткөрүү пландалууда Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары президент Шавкат Мирзийоев жарлыкка кол койгонун, ага ылайык 2026-жылдан тарта Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлерди жыл сайын милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү киргизиле турганын жазып чыгышкан. Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери медициналык кароодон өтөөр алдында дене тарбия стандарттарын тапшырып, дене салмагынын индексине баа берүү үчүн таразага өтүшү керек Ошондой эле 2026-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик мекемелерде жайгашкан ашканалар аутсорсингдик негизде иштей баштаары маалым болду. Мамлекеттик кызматкерлер таттууларды, ун жана майлуу тамактарды жегенге мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот 2018-жылы Өзбекстандын президенти биринчи жолу өлкө калкынын арасында семирүү деңгээли өсүп жатканына тынчсыздануусун ачык билдирген. Ден соолук маселелерине арналган жыйында ал республиканын калкынын жарымы ашыкча салмактан “отурган жашоо образынын жана туура эмес тамактануунун айынан” жапа чегип жатканын айтты. Мындан кийин мамлекеттик органдар кызматкерлерди тез арада арыктоосун талап кыла башташты, ал эми кээ бир уюмдарда кызматкерлерге салмагын кантип нормалдуу калыбына келтирүү боюнча көрсөтмөлөр да берилген 2019-жылы Өзбекстандын президенти күч түзүмдөрүн сынга алып, аларга 3-6 ай убакыт берген Ошол эле жылы өлкө Германиядагы Йена университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан түзүлгөн туура эмес тамактануунун кесепетинен өлүмдүн деңгээли эң көп болгон өлкөлөрдүн рейтингинде биринчи орунга чыккан. Изилдөөгө ылайык, туура эмес тамактануунун айынан 100 миң кишиге 394 өлүм туура келет Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler