Сириянын президенти бир туугандарын кызматтан алды
Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа "Сирия элинин ишенимин калыбына келтирүү" үчүн министрлер кабинетин өзгөртүүнүн алкагында бир туугандары Махер менен Хаземди жогорку мамлекеттик кызматтардан алды. Бул тууралуу журналисттерге өлкө башчысына жакын булак билдирди Анын айтымында, өлкө лидери ушундай

Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа "Сирия элинин ишенимин калыбына келтирүү" үчүн министрлер кабинетин өзгөртүүнүн алкагында бир туугандары Махер менен Хаземди жогорку мамлекеттик кызматтардан алды. Бул тууралуу журналисттерге өлкө башчысына жакын булак билдирди Анын айтымында, өлкө лидери ушундай жол менен тууганчылык боюнча айыптоонун алдын алууга жана бийликтен кулатылган Асаддын режиминен айырмасын көрсөтүүгө аракет кылууда Кызматтан алынганга чейин Махер президенттик администрациянын башкы катчысы болгон. Сириялык булактын айтымында, анын аялы – теги орус – орусча эркин сүйлөйт жана Дамаск менен Москванын байланышы болуп эсептелет. Буга байланыштуу Махер Сириянын Орусиядагы элчиси болуп дайындалышы ыктымал. Экинчи бир тууганы Хамзем Жогорку Кеңештин экономикалык өнүгүү боюнча вице-президенттигинен бошотулду


