Президент Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кийинки жылдарга кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Жа

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кийинки жылдарга кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Жарлыкка ылайык, шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу өлкөнүн мамлекеттик социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары расмий түрдө белгиленген Министрлер кабинетине Кыргыз шахмат союзу менен бирдикте 2026-жылдын 1-сентябрына чейин шахматты өнүктүрүүнүн жана кеңири жайылтуунун жылдарга комплекстүү улуттук программасын даярдоо жана бекитүүгө киргизүү тапшырылды Документте ошондой эле Кыргыз шахмат союзунун алдында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү каралган. Бирикме өзү эки жуманын ичинде жаңы фонддун уставын иштеп чыгып, бекитүүгө сунушташы керек Негизги багыттардын бири “Мектептерде шахмат” пилоттук долбоорун ишке киргизүү болот. Анын алкагында республика боюнча 500 мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 3-5-класстын окуучулары үчүн кошумча шахмат ийримдери ачылат Билим берүү министрлигине долбоорго катышуучу мектептердин тизмесин аныктоо, окутуунун типтүү программасын иштеп чыгуу, шахмат ийримдерин башкаруу үчүн мугалимдерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу, ошондой эле пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталгандан 10 айдан кийин анын натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо тапшырылды Мындан тышкары, жарлык менен президенттин атайын сыйлыктары – “Жылдын мыкты шахматчысы” жана “Жылдын шахмат боюнча мыкты машыктыруучусу” белгиленген. Лауреаттар Кыргыз шахмат союзунун сунуштары боюнча ар бир жылдын жыйынтыгы менен аныкталат


