Молдованын президенти Путиндин жарлыгы боюнча: Согуш үчүн ага көбүрөөк аскер керек
Россиянын президенти Владимир Путин жикчил Приднестровье аймагынын тургундарына орус жарандыгын алууну жеңилдетүү менен Украинага каршы согушка көбүрөөк жоокерлерди тартууну көздөөдө. Бул тууралуу Молдованын президенти Майя Санду Путиндин жарлыгын комментарийлеп жатып билдирди "Аларга (орустарга)

Россиянын президенти Владимир Путин жикчил Приднестровье аймагынын тургундарына орус жарандыгын алууну жеңилдетүү менен Украинага каршы согушка көбүрөөк жоокерлерди тартууну көздөөдө. Бул тууралуу Молдованын президенти Майя Санду Путиндин жарлыгын комментарийлеп жатып билдирди "Аларга (орустарга), балким, Украинадагы согуш үчүн көбүрөөк адамдар керек" деди Санду Санду ошондой эле орус президентинин жарлыгы Молдованын Приднестровьени реинтеграциялоо аракетине байланыштуу аны коркутууга багытталганын айтты "Украинадагы согуш башталгандан бери аймактын көпчүлүк тургундары Молдованын жарандыгын кабыл алышкан, анткени алар Орусиянын жарандыгына караганда Молдованын жарандыгын алуу коопсуз сезишкен", - деди Санду Путин Приднестровье үчүн Молдованын Евробиримдикке мүчөлүгүнө тоскоол боло алабы деген суроого Санду: "Молдова ага мүчө боло алабы же жокпу, Евробиримдик гана чече алат. Орусиянын буга эч кандай тиешеси жок" деп жооп берди

