Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Президент: Мамлекет мугалимдерди колдоо боюнча кошумча чараларды иштеп чыгууда

Мамлекет мугалимдерди колдоо боюнча кошумча чараларды иштеп чыгууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышып жатып билдирди Анын айтымында, башка аймактарга салыштырмалуу бул жерде абал жакшы болго

0 көрүүcaliber.az
Президент: Мамлекет мугалимдерди колдоо боюнча кошумча чараларды иштеп чыгууда
Paylaş:

Мамлекет мугалимдерди колдоо боюнча кошумча чараларды иштеп чыгууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышып жатып билдирди Анын айтымында, башка аймактарга салыштырмалуу бул жерде абал жакшы болгону менен Ош шаарында мугалимдер жетишсиз «Бирок бул татаал маселе.Учурда Билим берүү министрлиги аны чечүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат: ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү мектептерге иштөөгө жөнөтүлүп, 2025-жылы 1 миңден ашык жаш адистер ишке киришти.Мындан тышкары жогорку класстын студенттерине окуусун мектептерде окутуу менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү «Наристе» программасынын алкагында 3 миңге жакын мугалим квалификациясын жогорулатып, башталгыч класстарга которулду, бул дагы окуу жүктөмдөрүн азайтууга өбөлгө түздү», - деп белгиледи Садыр Жапаров Анын айтымында, мамлекет мугалимдерди колдоо жана стимулдаштыруу боюнча кошумча чараларды да иштеп чыгууда «Жалпысынан кадр маселесин чечүүдө алгылыктуу тенденция байкалууда, мендеги маалымат боюнча Ош шаарында окуу китептери менен камсыз болуу 97 пайызды түздү.Ошентсе да «Алтын казык» программасынын жана 2025-жылдан тарта 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында «Окуу китеп» басмасы окуу-методикалык комплекстерди даярдоо жана басып чыгаруу иштерин баштады. Учурда англис тили, математика жана табият таануу боюнча окуу китептери чыгарылып, кыргыз тили, география жана тарых боюнча авторлор арасында сынактар өтүп жатат», - деп кошумчалады президент

Kaynak: caliber.az

Diğer Haberler