Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Беларусь Республикасынын Премьер-министрин кабыл алды -
Бүгүн, 5-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинди кабыл алды Мамлекет башчысы Александр Турчиндин визити кыргыз-беларусь кызматташтыгынын прогрессивдүү өнүгүүсүнүн маанилүү ыр

Бүгүн, 5-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинди кабыл алды Мамлекет башчысы Александр Турчиндин визити кыргыз-беларусь кызматташтыгынын прогрессивдүү өнүгүүсүнүн маанилүү ырастоосу жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоого болгон жалпы каалоо экенин белгиледи Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана туризм тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Беларус менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, анын ичинде биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштү локалдаштыруу жана заманбап технологияларды тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи Премьер-министр Александр Турчин Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун саламын жана жакшы каалоолорун айтып, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлануусу менен куттуктады. «Бул, албетте, кыргыз дипломатиясынын ийгилиги жана дүйнөлүк коомчулуктун жогорку ишениминин далили», - деп баса белгиледи Александр Турчин Маектешкендер жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууну жана 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти Ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даярдыгы ырасталды Соңунда мамлекет башчысы кесиптеши Александр Лукашенкого жылуу каалоо-тилектерин айтып, Беларусь президентинин ШКУ саммитине жана Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусун чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи Садыр Жапаров ошондой эле Александр Турчиндин иш сапарынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы достукту жана өнөктөштүктү мындан ары да чыңдайт деген ишенимин билдирди


