Кылмыш дүйнөсү AIны активдүү өнүктүрүүдө: Жапаров ШКУдагы кибер коркунучтар боюнча
Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди Жыйын Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын алкагында “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп өнүгүү

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди Жыйын Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын алкагында “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп өнүгүү үчүн бирге” урааны астында өттү. Тараптар санариптик технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, учурдагы чакырыктар боюнча пикир алышты Негизги чаралардын арасында президент ШКУнун РАТС базасында коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбор түзүүнү белгиледи. Бул түзүм Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору менен Ташкенттеги Маалыматтык коопсуздук борборун бириктирет. Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калууда: коопсуздук коркунучтарды алар зыян келтире электе алдын ала айтып, алдын алышы керек ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев мамлекет башчысына коопсуздук маселелерине көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын төрагалыгын натыйжалуу аткарып жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин жыйыны так кыргыз тараптын демилгеси менен төрт жылдык тыныгуудан кийин ишин улантканын эске салды


