Өзбекстандын президенти АКШ президентин туулган күнү менен куттуктады
Фото: Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14-июнда АКШ президенти Дональд Трамптын 80 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду Мирзиеев өз кайрылуусунда Трампты өз эли сыйлаган тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары сыпаттап, анын жетекчилиги астын

Фото: Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14-июнда АКШ президенти Дональд Трамптын 80 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду Мирзиеев өз кайрылуусунда Трампты өз эли сыйлаган тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары сыпаттап, анын жетекчилиги астында АКШнын эл аралык аброю өсө бергенин белгиледи «Бүгүнкү күндө өзбек-америка мамилелери болуп көрбөгөндөй бекемделип, барган сайын практикалык мүнөзгө ээ болууда», - деп белгиледи мамлекет башчысы Ал Өзбекстан АКШ менен стратегиялык өнөктөштүккө негизделген көп кырдуу байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экенин, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга өзгөчө көңүл бургандыгын айтты Мирзиёев ошондой эле Трамптын эл аралык иштерде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу аракетин жогору баалап, эл аралык жана аймактык платформалардагы кызматташтык мындан ары да өнүгүп, практикалык натыйжаларды берерине ишенимин билдирди Ал АКШ президентин стратегиялык өнөктөштүктүн келечектеги багыттарын деталдуу талкуулоо үчүн Өзбекстанга “биринчи тарыхый сапарга” чакырды Кайрылуу Трампка чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана мамлекеттик кызматында чоң ийгиликтерди, ошондой эле Америка элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалоолору менен аяктады Бул веб-сайттын материалдарын алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайра чыгарууга же таратууга болбойт рахмат. Биз сиздин билдирүүңүздү алдык жана катаны жакында оңдойбуз


