Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга биринчи жолу расмий иш сапары менен Акчабарга келет
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнда Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келет. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө Иш сапар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен болот. Жолугушуулардын жүрүшүндө тарапта

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнда Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келет. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө Иш сапар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен болот. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечегин талкуулашат Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны бекемдөөгө жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтер пакетине кол коюу пландалууда Президенттик аппарат алдыдагы иш сапарынын тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи. Бул мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия өкмөтүнүн башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары болмокчу Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз


