Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапар менен келет -
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнда Кыргызстанга эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки биринчи расмий сапары менен келет Сүрөт интернеттен. Ираклий Кобахидзе Президенттик аппараттан билдиришкендей, иш сапар мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун чакыруусу ме

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнда Кыргызстанга эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки биринчи расмий сапары менен келет Сүрөт интернеттен. Ираклий Кобахидзе Президенттик аппараттан билдиришкендей, иш сапар мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен болот Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечегин талкуулашат Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны бекемдөөгө жана практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу документтер пакетине кол коюлушу күтүлүүдө Президенттик аппарат белгилегендей, алдыдагы визит тарыхый мааниге ээ, анткени ал Грузиянын өкмөт башчысынын дипломатиялык мамилелердин бардык мезгилиндеги Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары болот Ираклий Кобахидзе 2024-жылдын февраль айынан бери Грузиянын премьер-министри, буга чейин парламенттин төрагасы жана башкаруучу «Грузин кыялы» партиясынын башчысы болуп иштеген. Билими боюнча юрист, ал азыркы Грузиянын негизги саясатчыларынын жана азыркы бийликтин идеологдорунун бири болуп эсептелет


