Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга биринчи жолу расмий келет
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнь күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти Иш сапар президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен болот Сапардын алкагында сүйлөшүүлөр болот. Тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын маселелерин

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнь күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти Иш сапар президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен болот Сапардын алкагында сүйлөшүүлөр болот. Тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын маселелерин жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу документтер пакетине кол коюу пландалууда. Алар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталат Президенттик администрация бул эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия өкмөтүнүн башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары болорун белгиледи


