Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнь күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Бишкек (АКИpress) – Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары 11-13-июнда болот Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп, анда тараптар кыргыз-грузин эки тараптуу күн т

Бишкек (АКИpress) – Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары 11-13-июнда болот Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп, анда тараптар кыргыз-грузин эки тараптуу күн тартибинин маселелерин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана кеңейтүүнүн келечегин талкуулашат Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтер пакетине кол коюу пландалууда Алдыдагы визит тарыхый мааниге ээ жана эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия өкмөтүнүн башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары болмокчу


