Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келет
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнь күндөрү Грузиянын өкмөт башчысынын эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки биринчи расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Иш сапар мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ишке ашарын КР Президентинин Аппаратынан

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 11-13-июнь күндөрү Грузиянын өкмөт башчысынын эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки биринчи расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Иш сапар мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ишке ашарын КР Президентинин Аппаратынан билдиришти Бишкекте Кобахидзе кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Күн тартибинде эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Грузия үчүн өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери бар Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу документтер пакетине кол коюуну пландаштырууда. Президенттик аппараттан бул документтер эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталганын тактады


