Филиппиндеги жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланды
Филиппиндин улуттук полициясынын маалыматы боюнча, Минданаодун түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө 37 имарат, анын ичинде мектептер, ооруканалар жана турак-жайлар жабыркаган Жабыркаган аймактарга полиция кызматкерлери мобилизацияланды. Алар элге жардам көрсөтүүдө, келтирилген зыянды аныктоо иштери

Филиппиндин улуттук полициясынын маалыматы боюнча, Минданаодун түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө 37 имарат, анын ичинде мектептер, ооруканалар жана турак-жайлар жабыркаган Жабыркаган аймактарга полиция кызматкерлери мобилизацияланды. Алар элге жардам көрсөтүүдө, келтирилген зыянды аныктоо иштери да уланууда Филиппиндин президенти Кенже Фердинанд Маркос жер титирөө болгон Минданао аралынын түштүк жээгиндеги бир нече аймактарында сабактарды токтотууга буйрук берди. Мамлекет башчысы ошондой эле мамлекеттик органдарга табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо борборлорунун иштешин камсыздоо боюнча иштерди координациялоону тапшырды Генерал Сантос шаарында жер титирөө бир катар имараттардын урап калышына алып келди. Аралдын айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат. Женерал Сантос аэропортундагы операциялар да токтотулду Филиппиндин вулканология жана сейсмология институту цунами тууралуу эскертүү берди


