БУУнун өкүлү: Ири шаарлардын жарымы ансыз да суунун тартыштыгынан жапа чегип келет
2030-жылга чейин дүйнөдөгү шаарлардагы суу ресурстарына болгон басым күчөй берет Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын Суу боюнча атайын өкүлү Ретно Марсуди Бакуда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын алкагында Глобалдык суу операторлорунун шериктештигинин (GWOPA) ассамб

2030-жылга чейин дүйнөдөгү шаарлардагы суу ресурстарына болгон басым күчөй берет Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын Суу боюнча атайын өкүлү Ретно Марсуди Бакуда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын алкагында Глобалдык суу операторлорунун шериктештигинин (GWOPA) ассамблеясында билдирди Анын айтымында, сууга жана санитарияга жетүүнүн глобалдык көйгөйү актуалдуу бойдон калууда: «Дүйнө жүзүндө 2,2 миллиард адам таза ичүүчү сууга, ал эми 3,5 миллиард адам коопсуз санитардык кызматтарга жете албайт» Бирок, ал бул жаатта жылыштар бар экенин белгиледи: “2015-жылдан бери 961 миллион адам таза ичүүчү сууга, 1,2 миллиард адам коопсуз санитарияга жана 1,6 миллиард адам негизги гигиеналык кызматтарга ээ болушту” Марсуди ошондой эле урбанизациянын суу ресурстарына болгон басымды арттырганын белгиледи "Дүйнөдөгү 100 ири шаарлардын жарымы суунун стрессинин жогорку деңгээлине дуушар болушат. 2030-жылга карата дүйнө калкынын 60%дан ашыгы шаарларда жашашат, бул шаардык суу ресурстарына кошумча басым жасайт. Бул контекстте суу менен камсыздоочу операторлор жана коммуналдык кызматтар суу тармагындагы жамааттык күч-аракеттердин негизи катары негизги ролду ойношот", - деп баса белгиледи ал


