Кыргызстанда укук коргоочу Азиза Абдирасулова суракка чакырылды
Кыргызстанда укук коргоочу жана “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова суракка чакырылды Маалыматты 24.kgге аталган башкармалыктын өзү тастыктады. Бирок ал кандай иш боюнча көрсөтмө берип жатканы айтылган эмес Маалым болгондой, аны Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБинин кызм

Кыргызстанда укук коргоочу жана “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова суракка чакырылды Маалыматты 24.kgге аталган башкармалыктын өзү тастыктады. Бирок ал кандай иш боюнча көрсөтмө берип жатканы айтылган эмес Маалым болгондой, аны Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБинин кызматкерлери суракка чакырышкан Буга чейин анын кызы Гүлшайыр Абдирасулова укук коргоочунун кармалышы тууралуу билдирген. Кийинчерээк бул маалыматты "Азаттыктын" кыргыз кызматына анын күйөөсү тастыктады «Ал жаңы эле байланышка чыгып, Ноокен РИИБге алып барышканын айтып, ага келген кызматкерлер документтерин көрсөтүшкөн», - деди ал Буга чейин Абдирасулова социалдык тармактарга белгисиз адамдар өздөрүн УКМКнын жана Ноокен РИИБинин кызматкерлерибиз деп тааныштырган коркутуулар менен телефон чалганын жазган. Ал белгилегендей, куугунтук жарандык активист Мавлян Аскарбековдун камакка алынышы тууралуу Фейсбукта жазганынан кийин башталган. Укук коргоочунун айтымында, бул басылмаларда мыйзам бузуулар болгон эмес Азиза Абдирасулова отуз жылга жакын убакыттан бери укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектенип келет. 2002-жылдан бери анын “Кылым шамы” бейөкмөт уюму өлкөдөгү саясий-коомдук окуяларга, шайлоолорго, жабык мекемелердеги жана армиядагы адам укуктарынын абалына мониторинг жүргүзүп, адам укуктарын коргоо менен да алектенет Бир нече жыл мурун Абдирасулова аталган уюмдун жетекчилигин кызы Гүлшайырга өткөрүп берген. 2024-жылы ал адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу коркутуулардан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Бир жылдан кийин ал Кыргызстанга кайтып келген Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Азиза Абдирасулова Европа Кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыгын алды. Бул эң мыкты гуманитардык жетишкендиктер үчүн берилет Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


