Онкология борборундагы жарылуудан жабыркаган дарыгер каза болду
Улуттук онкология борборундагы жарылуудан оор жаракат алган рентгенолог Асиф Насирли каза болду Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги көңүл айтты Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, 1988-жылы туулган, онкологиялык оорулуу катары каттоодо турган Мубариз Сахиб огл

Улуттук онкология борборундагы жарылуудан оор жаракат алган рентгенолог Асиф Насирли каза болду Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги көңүл айтты Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, 1988-жылы туулган, онкологиялык оорулуу катары каттоодо турган Мубариз Сахиб оглы Алиев аталган медициналык мекеменин радиология бөлүмүндө мыйзамсыз алынган жардыруучу затты жардырып, муну менен дарыгер Асиф Насирлини атайылап өлтүрүүгө аракет кылган. Жарылуунун натыйжасында Мубариз Алиев алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон. Бул факты боюнча Ясамал райондук прокуратурасы тарабынан Азербайжандын Кылмыш-жаза кодексинин 29, 120.1 (жалпы коркунучтуу түрдө адам өлтүрүүгө аракет кылуу) жана 228.1 (жардыргыч заттарды жана түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сактоо, ташуу жана алып жүрүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголду


