Элчи Трамптын саясаты менен макул эмес: отставкага кетет
АКШнын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жули Дэвис президент Дональд Трамп менен пикир келишпестиктен улам кызматынан кетерин Financial Times өз булактарына таянып жазды Дэвис кызматтан кеткени тууралуу Мамлекеттик департаментке кабарлады жана 30 жылдык карьерасын аяктап, тышкы кызматтан кетү

АКШнын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жули Дэвис президент Дональд Трамп менен пикир келишпестиктен улам кызматынан кетерин Financial Times өз булактарына таянып жазды Дэвис кызматтан кеткени тууралуу Мамлекеттик департаментке кабарлады жана 30 жылдык карьерасын аяктап, тышкы кызматтан кетүүнү пландаштырууда. Элчини президент Киевди колдобогонуна капалантты, деп түшүндүрүштү булактар Кипрде элчи кызматын да аркалаган Дэвис, президенттин Кипрдеги кийинки элчилик кызматына ишкер жана республикачыл донор Жон Бреслоунун талапкерлигин көрсөтүү чечимине таң калды. Бул тууралуу ага алдын ала эскертилген эмес Мамлекеттик департамент Financial Times гезитине бул маалыматты тастыктаган жок: "Элчи Джули С. Дэвис 2025-жылдын 5-майында АКШнын Киевдеги элчилигинде Убактылуу ишенимдүү өкүл кызматын ээлеген жана бул кызматта кала берет." Трамп Дэвисти өткөн жылдын жазында АКШнын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү кылып дайындаган. Ал ошол эле учурда кызматынан кеткен элчи Бриджит Бринктин ордуна келди. Бринк бул кызматты 2022-жылдын май айынан бери ээлеп, мурдагы президент Жо Байдендин тушунда Киевдеги дипломатиялык миссияны жетектеп келген жана АКШнын Украинага аскердик жардам көрсөтүүсүн жактаган Дэвис буга чейин АКШнын Беларус боюнча атайын өкүлү, Мамлекеттик катчынын Батыш Европа жана ЕБ иштери боюнча жардамчысынын орун басары жана АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген


