Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

«Бала Ырысы» жөлөкпулу: өлчөмү, дайындоо тартиби жана жооптуу мамлекеттик органдар аныкталат

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөкпул берүүнүн тартиби жөнүндө №421 токтомго кол койду.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди Кабыл алынган документке ылайык, жаңы ай сайын

0 көрүүkaktus.media
«Бала Ырысы» жөлөкпулу: өлчөмү, дайындоо тартиби жана жооптуу мамлекеттик органдар аныкталат
Paylaş:

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөкпул берүүнүн тартиби жөнүндө №421 токтомго кол койду.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди Кабыл алынган документке ылайык, жаңы ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулунун өлчөмү 1200 сом деп белгиленген. Токтом 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бул төлөмдөрдү өз убагында жана үзгүлтүксүз каржылоо үчүн республикалык бюджеттен белгиленген тартипте каражаттарды бөлүү тапшырылды Жөлөкпулдарды дайындоо процессин оптималдаштыруу үчүн санариптик технологияларды колдонуу жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү каралган. Саламаттыкты сактоо министрлиги президенттин администрациясы жана «Тундук» ААКсы менен биргеликте балдардын төрөлүшү тууралуу маалыматты Эмгек министрлигине өз убагында берүүнү камсыз кылат. Медицина кызматкерлери ата-энелерге үйгө баруу жана пландуу эмдөө учурунда жөлөк пул алуу укугу жөнүндө маалымдайт. Мында үч жашка чейинки балдардын амбулатордук маалыматтары «Пациенттин санариптик медициналык картасы» маалымат тутумунда сакталат Президенттин Администрациясына жана «Кызмат» мамлекеттик мекемесине 2026-жылдын 1-июлуна чейин үч жашка чейинки балдары бар жарандарды жашаган жери боюнча каттоону уюштуруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке дарек реестринин коддолушун учурдагы тизмектерге ылайыкташтыруу жана алыскы тоолуу аймактардын жана алыскы тоолуу аймактардын тизмегине ылайык келтирүү тапшырылды

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler